USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Жаңы жыл түнү поезд астында калган Тилек Жумабеков жардамга муктаж

13:19, 04 января 2021, Бишкек - 24.kg

31-декабрь түнү Кемин районунда 25-жаштагы жигит поезд астында калып, эки бутунан ажырады. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Социалдык тармакта Тилектин үй-бүлөсүнүн каржылык мүмкүнчүлүгү чектелгени айтылып, ага жардам иретинде кан тапшыруу жана акча топтоо жүрүүдө. Маалыматка караганда, Тилек Жумабеков үч кичүү бир тууганы жана апасын өзү иштеп багып келген.

Ал учурда Бишкектеги № 4 шаардык клиникалык ооруканада жатат. Ага такай кан куюп туруу талап кылынат.

Белгилей кетсек, Тилек Жумабеков темир жолго кулап кеткен кишини куткарууга аракет кылып, өзү поезддин астында калган.

Телефон номери: 0709 200772.

Реквизиттер:

Optima bank: 6233 6014 9081 6742;

Элсом: 0504 410014;

Сбербанк: 4276 3801 1886 9382.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18