USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Лейлекте абактан чыккан жарандар курал менен кармалды

14:04, 30 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунда ок атуучу курал сактап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  Кайрагач айылындагы чек ара постунда “Мерседец-Бенц” автоунаасы токтотулуп,  анын ичинен райондун 44 жаштагы Ш.Д. аттуу тургуну, Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы О.А. жана Ыссык-Көл облусунун 26 жаштагы И.Ж. аттуу тургуну курал-жарак менен кармалды.  

Алардан 1 даана “ПМ” (травматикалык) үлгүсүндөгү тапанча жана 16 калибрдеги (обрез) курал таап алынды. Алынган куралдарга экспертиза дайындалып, экспертизанын жыйынтыгында ок атуучу курал атайын кесилип, ок атууга даярдалгандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча  сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18