USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Токмокто жол кырсыгында каза тапкандар тойдон кайтып келе жатышкан

10:09, 21 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 19-декабрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында болуп, аанда Volkswagen Vento менен Kia K5 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 эркек жана 4 аял киши каза болгон. Дагы 4 адам жабыркады.

Маалыматка караганда, Volkswagen Vento унаасындагылар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Алар тойдон кайтып келе жатышканы, унаадагы 3 небереси дагы каза болушту.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18