Бишкекте муз үстүндөгү бий боюнча чемпионат өтөт
19:46, 01 марта 2014, Бишкек - ИА «24.kg»
Иван МАРЧЕНКО
Бишкектин муз аянтчасында аталган оюн боюнча III чемпионат өтөрүн борборубуздун шаар башкармалыгынан билдиришти.
Белгиленгендей, таймашка 1998-2008-жылкы улан-кыздар катышып, алар жаш курактары боюнча атсалышат.
Чемпионаттын салтанаттуу ачылышы 7-март, саат 13.00 башталып, 8-мартта жыйынтыкталат.