USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Аз добуш алган партиялар кайра шайлоону талап кылууда

15:45, 05 октября 2020, Бишкек - 24.kg

Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митинге «Замандаш», «Республика», «Ата-Мекен» жана «Бир Бол» партиялары дагы кошулду.

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.

«Биз бул шайлоону тааныбайбыз. Кайра шайлоо болсун. Шайлоодо уткан үч партия кийинки шайлоого катышпасын», — деди ал.

Аянтта «ууру коррупционерлер кетсин» деген ураан кайталанууда.

«Чоң казаттын» лидери Сыймык Жапыкеев элдерди таркап кетпөөгө чакырып жатат.

«Эч жакка кетпегиле. Азыр боз үй курабыз», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18