Бишкектеги #REакция 3.0. митинги өтүп жатат. Ага Өмүрбек Текебаев дагы кошулду
13:42, 29 июня 2020, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбашеванын «Маалыматты манипуляцилоо» мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат.
Митингчилер эл өкүлүнүн отставкасын талап кылууда.
Митингге «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы кошулуп, ал сөз эркиндигине кысымга каршы экенин билдирди.
Акция катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековдон парламент кабыл алган мыйзамды артка кайтарууну өтүнүшөт.


