USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 22 жаштагы жигит 8-кабаттан кулап каза болду

18:00, 11 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте толук курулуп бүтө элек сегиз кабаттуу үйдөн 22 жаштагы жигит кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болжол менен саат 14:51 чамасында Масалиев көчөсүндө болгон. Ал куруучу болуп иштеген, натыйжада алган жаракатынан улам ошол жерден мерт кеткен.

Факт Кылмыш жана жоруктар реестрине катталып, зарыл болгон соттук-медицианлык экспертизалар дайындалды. Окуянын чоо-жайы жана себептери аныкталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18