USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек — Ош жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен адам кармалды

14:18, 09 июня 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош жолунда 64 жаштагы киши жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бир адамды сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИМдин пресс-кызматы билдирди.

Анын айтымында, 8-июнь күнү саат 23.00 чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында белгисиз айдоочу Бөксө-Жол айылынын жашоочусун сүзүп кеткен.

Жөө жүргүнчү бир нече жолу жаракат алып, оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген.

Кийинчерээк «Коопсуз шаар» камерасынын жардамы менен милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунун кармашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18