USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан Тажикстан менен жер алмашууда өз аймагын эле кайтарып жатат

13:36, 17 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Тажикстан менен жер алмашууда өз аймагын эле кайтарып жатат. Бул тууралуу бүгүнкү тегерек стөлдө Баткен облусунун мурдакы губернатору Султан Айжигитов айтты.

Анын айтымында, жер алмашуусу дыкат каралып, ишке ашпаса жаңы маселелерди жаратышы мүмкүн.

«Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстан азыр өзүнүн эле жерлерин Тажикстан менен алмашып жатат. Эки өлкө чек ара жарандарын которуу маселесин көтөрсө болот. Мисалы, Жерге-Талдагы кыргыздарды Ворухка жайгаштырып», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Тажикстанга Баткен районундагы Арык-Асты жана Тескей аймактары сунушталган. Тажикстан тарап Чек аймагын алмашуу ниетин билдиргени айтылууда. Чектин жашоочуларынын көпчүлүгү кыргыздар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18