USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түркмөн башынын уулу өнөр-жай жана курулуш министри болуп дайындалды

09:39, 10 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовду өнөр-жай жана курулуш министри кызматына дайындады. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

38 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыртан бери Ахал облусунун башчысы болуп иштеп келген. Түркмөн лидеринин уулун кезектеги жогорку кызматка дайындашы анын «мураскер» даярдоо аракети катары кабыл алынууда.

Жаңы кызматта Сердар Бердымухамедов Ахал аймагынын жаңы борборун куруу боюнча амбициялык долбоорду ишке ашыруу менен алектенери пландалууда. Өткөн аптада президент Гурбангулы Бердымухамедов жаңы калааны курууга 1,5 миллиард доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Буга чейин Сердар Бердымухамедов Ахал облусунун башчысынын орун басары жана тышкы иштер министринин орун басары кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары ал өлкө парламентинин мүчөсү болуп эсептелет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18