USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 59 жаштагы аял алдамчылык айыбы менен изделүүдө

16:56, 06 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек алдамчылыкка шектелген 59 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айнагүл атту жаран 2011-жылы Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып берүүнү убада кылып, шаар тургунан 308 миң сом акча каражатып алып, качып кеткен.

Жабырлануучуга ири суммадагы зыян келтирилип милицияга арыз менен кайрылган. Шектүү Айнагүл Жумабаеваны билгендерди Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (0312) 352632 номерине кайрылуусун өтүнүшөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18