USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Google Maps картасы 99 смартфон салынган арабаны жол тыгыны деп ойлогон

17:16, 04 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Саймон Векерт өзүнүн катышуусу менен интернетте видео жайгаштырды. Анда 99 смартфондун жардамы менен Google Maps картасында виртуалдык тыгын кантип жаратуу мүмкүн экенин көрсөттү.

Маалыматка караганда, ал бардык смартфондорду Google картасына кошуп, кичинекей арабага салып шаар ичинде жүргөн. Анын жүргөн жолунда Google Maps картасында кызыл түскө боелуп, чоң жол тыгындарын көрсөтө баштаган.

«Ушундай оңой жол менен онлайн картасын алдоого мүмкүн экен», — деп Саймон Векерт белгилейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18