USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өзгөндө 7 киши унаада өрттөнүп кетти

09:52, 03 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында 7 киши автокырсыкта каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 3-февраль күнү 03:30 чамасында аталган айылындын Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан.

«Өрт саат 04:18де чектөөгө алынып, саат 04:35те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүргөндө унаанын ичинде 7 кишинин жансыз денелери табылган», — деп маалыматта айтылат.

Учурда, каза болгондордун, аты-жөнү такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18