USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда дарыканаларга бир кишиге 20дан ашык беткап сатпоо сунушталды

15:20, 31 января 2020, Бишкек - 24.kg

Саламаттык сактоо министирлиги Кыргызстандагы фармкомпанияларга, дарыканаларга жана дарыкана пункттарына беткапты сатууда чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, калкты беткаптар менен бирдей камсыз кылуу максатында, ушундай сунуш кабыл алынган.

Министрлик бир кишиге 20дан ашык беткап сатпоого чакырат.

 

«Беткапты Орусия, Казакстан жана Кытайдан алып келүү убактылуу токтотулганына байланыштуу, министлик башка мамлекеттерден алып келүүнү кароодо. Учурда Түркия, Корея жана Индия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Дүйшөмбү күну 500 миң беткап республикага алып келинет. Дарыканаларда медициналык беткаптардын, вируска каршы дарылардын саны жетиштүү.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18