USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте айдоочу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

13:44, 30 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ саат 19.20да катталган.

«20 жаштагы айдоочу Жибек Жол проспектиси менен бара жатып, 2 жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен. 25 жаштагы Ш.К. жана 85 жаштагы Д.Д. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды. Улгайган жабырлануучу төш клеткасынан, ал эми экинчиси башынан жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18