USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр 9 миң 300 кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алышкан

09:25, 24 января 2020, Бишкек - 24.kg

Былтыр Орусиянын жарандыгын дээрлик 498 миң чет өлкөлүк жаран алган. Бул 2018-жылга салыштырганда 269 кишиге көп. Мындай маалыматты «Фергана» агенттиги таратты.

Билдирүүгө ылайык, Орусиянын паспортун алгандардын саны боюнча алдыда Уркаиналык жарандар турат (300 миңге жакын). Андан кийин казакстандыктар (50 миң 500) ээлейт. Ошондой эле тажикстандык 44 миң 700, өзбекстандык 19 миң 400, кыргызстандык 9 миң 300, түркмөнстандык 1 миң 400 киши Орусиянын жарандыгын алышты.

Убактылуу жашоого уруксатты 234 миң 700 чет элдик алды. Ал эми 2018-жылы 268 миң 200 чет өлкөлүк алышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18