USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Түп районунда мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты

15:50, 22 января 2020, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун борборунда мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты. Нааразы болгондор мурунку эл өкүлүн бошотууну талап кылышууда.
 
Буга чейин саясатчыны колдоо акциясы Тоң районунда өткөн. 
 
«Садыр Жапаровду колдоо штабы тарабынан уюштурулган митинг бүгүн Түптө өтүп жатат. Абдан көп киши келди. Акция Ысык-Көлдүн баардык райондорунда жана шаарларында уюштурулууда. Февралда Бишкекте Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен ири акция өткөзөбүз», — деп 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирди.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18