USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузуулардын 1 миң 893 фактысы аныкталды

10:56, 20 января 2020, Бишкек - 24.kg

2019-жылы бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузуулардын 1 миң 893 фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бузуулардын бирдиктүү реестрине — 1 миң 668 факты катталган. Бул 2018-жылга салыштырганда 158 фактыга көбүрөөк.

«9 миллион сом суммада айыптык санкциялар жана товарлардын наркы өндүрүлгөн. 178 миллион 100 миң сом суммада бажы төлөмдөрү төлөндү», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кылмыштар жана бузуулар бирдиктүү реестрине 225 факты катталган, бул 2018-жылга салыштырганда 76 фактыга көп.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18