USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 145 учуру катталган

15:32, 17 января 2020, Бишкек - 24.kg

Былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 145 учуру катталган. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, бул фактыга физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктар кирет. Ички иштер органдары жабыркаган аялдарга карата 5 миң 752, жабыркаган эркектерге карата 393, жашы жете электерге карата 168 коргоо ордерин беришкен.

ИИМдин өкүлдөрү үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча аларга бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар жардамга келерин айтышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18