USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте балык консервасынан 12 жаштагы бала ууланды

14:52, 14 января 2020, Бишкек - 24.kg

Кечээ Бишкекте балык консервасынан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандан чыгарылган «Балтиялык, бөлүнбөгөн томат соусунда» консервасын жегенден кийин 12 жаштагы өспүрүм ууланган. Азыкты Аламүдүн районунан сатып алышкан.

Лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн бир типтеги партиядан сыноого алынды. Жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18