USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр Кыргызстанда 110 социалдык маанидеги объекттин курулушу аяктады

13:48, 14 января 2020, Бишкек - 24.kg

2019-жылы Кыргызстанда 110 социалдык маанидеги объекттин курулушу аяктады. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, 223 социалдык объекттерде курулуш иштери жүргүзүлдү. Ага республикалык бюджеттен 2 миллиард 774 миллион сом каралды.

2 миллиард сомго жакын каражат 51 объекттин курулушуна коротулду. Алардын катарында 31 мектеп, 2 спорттук зал, 2 бала бакча, 6 саламаттык сактоо объектилери, 4 спорттук мекеме жана бир гана маданият объектиси бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18