USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти

10:04, 14 января 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Honda Civic үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 11-январда болжол менен 13:00дө, Боронбаев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы К.А. ооруканага кайрылган. Тескөөчүлөр унааны таап, 56 жаштагы айдоочуну кармашты. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деп билдиришти башкармалыктан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18