USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө канча каражат корогону айтылды

09:51, 13 января 2020, Бишкек - 24.kg

Былтыр Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 28 122,7 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 14 010,3 миллион сом, мамлекеттик ички карызды тейлөөгө 14 112,4 миллион сом сарпталды.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы+ички) карызы 314 567,85 миллион сомду түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18