USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынды

17:56, 30 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө 3 жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынат (анын ичинен 837 — чоң адамдар жана 141 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми 493 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 128 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18