USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аткезчилик жол менен кургатылган жемиштерди ташып бара жаткан жаран кармалды

17:13, 23 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечээ «MAN» үлгүсүндөгү унаа менен өткөрмө пункттан тышкары жерде 3,5 тонна кургатылган жемишти алып бара жаткан кыргызстандык жаран кармалды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, жаран жана анын жүгү Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерин өткөрүлүп берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18