USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ак-Өргө» калктуу конушунда жол кырсыгы катталып, бир аял каза тапты

17:24, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Ак-Өргө» калктуу конушунда жол кырсыгы катталып, бир аял каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн саат 14:25 чамасында «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ сүзүшкөн. Кесепетинен КамАЗ жолдун четине сүрүлүп, жөө жүргүнчүнү тебелеп кеткен.

«56 жаштагы жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болду. Ал эми унаалардын айдоочулары ооруканага жеткирилди. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп билдиришти башкармалыктан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18