USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Бишкек ЖЭБдин от жагуучуларын парламентке чакырууну талап кылды

10:48, 18 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Тазабек Икрамов парламенттин отурумуна Бишкек ЖЭБдин от жагуучу жумушчуларын чакырууну талап кылды. Эл өкүлүнүн аларга суроолору бар. Бул тууралуу ал бүгүнкү отурумда билдирди.

Депутат жылуулук борборунда эмне жагып жатканы белгисиз экенин кошумчалады.

«От жагуучулар келип мешке эмне жагып жаткандарын айтышсын. Биз билишибиз керек. Былтыр мындай коюу туман болгон эмес», — деди ал.

Белгилей кетсек, «МувГрин» экологиялык кыймылынын датчиктеринин маалыматына ылайык, абанын булганышы кечээ кечинде Бишкекте жашоо үчүн кооптуу деп табылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18