USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чүйдө кайын энесинин өлүмүнө шектелип күйөө баласы кармалды

14:15, 06 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда кайын энесинин өлүмүнө шектелип күйөө баласы кармалды. Бул тууралдуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Озерное айылындагы үйлөрдүн биринен 80 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

Аталган окуяга шектүү катары каза болгон аялдын кызы менен чогуу жашаган жаран кармалды. Алдын ала билдирүүгө ылайык, шектүү кайын энеси менен уруша кетип, денесине оор жаракат келтирген. Кесепетинен аял каза болду.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18