USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мигранттар арасында ВИЧ менен жабыркагандардын саны өсүүдө

11:40, 05 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Мигранттар арасында ВИЧ менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Сагындык Келдибаев билдирди. Айтымында, Орусиядагы медицина борборунун дарыгерлери мигранттардын ден соолугуна камсанап жатышат.

«Мага Орусияда дарыгер болуп иштеп жаткан биздин мекендештер кайрылышты. Алардын айтымында, мигранттар арасында жугуштуу оорулардын саны көбөйүп жатат. Ушундай эле көйгөйлөр Тажикстан менен Өзбекстандын мигранттарында бар», — деди депутат.

Акыркы 4 айда ишке орношобуз деп справка алуу үчүн кайрылган 480 мигранттан ВИЧ табылды.

Сагындык Келдибаев

Депутат коңшу өлкөлөрдүн мисалындагыдай кылып кыргызстандыктардан аба майданга келгенде экспресс-анализ алууну сунуштады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18