USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алышат

11:31, 05 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктар жаңы жылдык майрамдан кийин 7 күн эс алышат. Өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрлик менен мекемелерге жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2-3-6-январь иш күндөрү болгондуктан, бул күндөрү эс алуу үчүн жарандар дем алыш деп аныкталган 24-февралда, 9-мартта жана 23-мартта иштөөгө туура келет. (23-февраль, 8-март, 21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, кийинки күндөр дем алыш деп жарыяланат).

Ал эми май айында кыргызстандыктар 5 күн удаа эс алышат. 9-май дем алышка туш келгендиктен, 11-май 4-майга жылдырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18