USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын аймагында ушул жылдын январь-сентябрында 12 миң ишкана иштеди

16:46, 04 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын аймагында ушул жылдын январь-сентябрында 12 миң ишкана иштеди. Алардын 11 миң 300ү — чакан ишканалар, 700ү— орто ишканалар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Учурда иштеп жаткан чакан ишканалардын 61 пайыздан көбү өзүнүн ишмердигин Бишкек шаарында жүргүзүшөт.

«1-октябрга карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 409 миң 100дү түздү. Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу алардын саны 2,8 пайызга өстү», — деп айтылат маалыматта.

Январь-сентябрь айларында чакан жана орто ишканаларда иштегендердин саны −84 миң адамды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18