USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги № 31 балдар бакчасынын шыбы түшүп калды

13:53, 03 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги № 31 балдар бакчасынын шыбы түшүп калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда маалым болду.

Вице-мэр Татьяна Кузнецованын айтымында, шып окуудан сырткары убакта түшкөн, эч ким жабыркаган эмес.

Маалыматка караганда, окуя 25-ноябрда катталган.

«29-ноябрда курамына мэриянын жана шаардык кеңештин өкүлдөрү кирген көчмө комиссия түзүлдү. Алар имаратты карап чыгышты,калыбына келтирүү үчүн техникалык корутунду түзүү керек», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18