USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандан 48,3 миллиард доллар чыгарылган. Улуттук банктын түшүндүрмөсү

11:19, 29 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү долбоордо 2020-жылдын республикалык бюджетин кабыл алып, 2021-2022-жылдардын бюджетинин божомолун карап жатканда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын банктарынан былтыр 48,3 миллиард доллар чет өлкөгө которулганын айтты.

Улуттук банк 24.kg агенттигине бул мыйзамдуу операция экенин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, айтылган маалыматтар коммерциялык банктардын баардык операциялары боюнча жүргүзүлгөн акча каражаттарын чыгалдырат.

«2018-жылы өлкөнүн коммерциялык банктары 88,6 миллиард доллар суммасында операцияны ишке ашырышкан. Быйылкы 1-жарым жылдыкта ушундай эле операциялардын көлөмү 48,1 миллиард долларды түздү», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Адистердин айтымында, коммерциялык банктар белгилүү бир мезгилде операциялык ишмердүүлүгүнүн алкагында көп сандаган өз каражатын чет өлкөгө чыгарып, кайра аны республикага багыттай алат. Тактап айтканда, каржылардын айланпасы болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18