USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тажик, кыргыз, казак актерлорун бириктирген «Устат» тасмасы Бишкекте тартылууда

09:27, 27 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Борбордук Азия өлкөлөрүндө тартылып жаткан «Устат» тасмасынын чыгармачылык тобу учурда Бишкекте иш алып барууда. 

Маалыматка караганда, буга чейин Россия, Казакстан жана Тажикстанда тартылып, эми жыйынтыктоочу эпизоддору Бишкекте өтүп жатат. 

Тасмага белгилүү кыргыз актерлору Азиз Бейшеналиев, Канат Абдырахманов, Татьяна Горобченко, Нурис Бектурова жана башкалар катышууда. «Устат» бизнес тренер Саидмурат Давлатовдун өмүр жолун сүрөттөйт.  Аны тажик режиссору Мухиддин Мусаффар тартууда. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18