USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сор жана кол кой. Дастан Бекешев чагымчыл аталыштагы момпосуйларды таратты

09:09, 26 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде депутат Дастан Бекешев коммуникация факультетинин студенттери менен жолугушту. 

Студенттердин айтымында, Дастан Бекешев соцтармактардагы фейк маалымат, троллинг, хайп жана пиар тууралуу кеңири баяндап берди. Акырында студенттердин арасында Генри Фордтун кызыктуу китебин ойнотуп, «Сор жана кол кой» деген жазуусу бар момпосуйларды тараткан. 

Депутат өзү соцтармакка жолугушуудан алган таасири тууралуу маалымат бөлүшкөн, бирок чагымчыл аталыштагы момпосуй тууралуу бир да сөз кылган эмес.  

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18