USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аскердик прокуратура «Чункурчак» тоо лыжа базасынын эсебин камакка алды

16:05, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Аскердик прокуратура «Чункурчак» тоо лыжа базасынын эсебин камакка алды. Бул тууралуу жеке булак билдирди.

Red rocks ЖЧКнын эсебин мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алышты. 

«ЖЧКнын уставдык капиталынын 30 пайызына Нурбек Шаршенов ээлик кылып келген. Ал Алмазбек Атамбаевдин тууганы. Көзөмөлдөөчү орган мурунку өлкө башчынын базага тиешеси бары жогун текшерип чыгат. Ал камакка алынгандыгына байланыштуу иштейби же иштебейби, азырынча белгисиз», — деп билдиришти редакцияга.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18