USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Төмөнкү Ала-Арча конушунда үй өрттөндү

11:05, 25 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча конушунда үй өрттөндү. Бул тууралуу  ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 1972-жылы туулган В.Н. аттуу аялдын бети жана колу-буту күйүп калган. Ал №4 борбордук ооруканага жеткирилди. 

«Өрттөн 65 чарчы метр үйдүн чатыры жана эмеректер күйгөн. Учурда кырсыктын себеби такталууда», - деп айтылат маалыматта.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18