USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Вице-премьер Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин 1 миллион сомго доого жыкты

15:06, 22 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азия Ньюс» гезитин 1 миллион сомго доого жыкты. Маалыматты гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев ырастады.

Бишкектин Октябрь райондук соту вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырды.

Белгилей кетсек, гезит Жеңиш Разаков Тажикстандын чалгындоо кызматынын агенти экендигин жазып чыккан. Парламент депутаттары вице-премьер-министрлин отставкасын талап кылышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18