USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Укук коргоо органдары аткара албаган ишти журналисттер аткарышты

14:15, 22 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

«Укук коргоо органдары аткара албаган ишти журналисттер аткарышты», — деп Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев 24.kg сайтына «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсү боюнча билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени укук коргоо органдарына өткөрүп бериши керек.

«Президент: фактты бергиле деди, алар фактты берди», — деди ал.

Эскерте кетсек, «Азаттык», «Kloop» жана OCCRP өлкөдөн миллион доллардын чыгарылышы, бажыдагы жемкорлук системалары жана ага тиешеси бар аткаминерлер жөнүндө иликтөө жүргүзгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18