USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан Казакстандан 50 жейрен сурады

15:23, 15 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстан Казакстандан кайтарымсыз түрдө 50 баш жейрен алуу боюнча протоколго кол койду.

Бул жаныбарлар Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Орто-Токой суу сактагычынын аймагында тукумун көбөйтүү үчүн алынып келет. Учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандын тийиштүү органдарына долбоордун биологиялык негиздемесин жөнөтүп, жаныбарларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов жоголуп кеткен жейрендерди калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, 1930-1970-жылдарда бул жаныбарлар Кыргызстандын аймагында да болгонун билдирди.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 1930-1940-жылдары Борбор Азияда жүз миңдеген жейрен болгон. Ал эми Кыргызстанда алар Ысык-Көлдүн аймагын байырлашкан. Алардын саны азайып отуруп 1990-жылдары жок болуп кеткен. 

Кыргызстанда жейрен Кызыл китепке кирген жаныбар, аны аткан кишиге 1 миллион сом айып салынат.

2015-жылы Казакстандын Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында акыркы эки айда жалпысынан 132 миң жейрен кырылган. 2016-жылы 6-апрелде Жейрендерди коргоо альянсынын (Saiga Conservation Alliance) билдиришинче, жейрендер Pasteurella multocida деген микробдун кесепетинен кырылган деп билдирген. Жейрендердин 90% көбү Казакстан менен Орусияда, калган бөлүгү Монголияны байырлайт.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18