USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте уурулукка шектелген топ кармалды

09:55, 14 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында бир кыз бар. 

2-ноябрда Бишкектин 5-кичи районунда белгисиз бирөөлөр дүкөнгө уурулукка кирип, тоноп кетишкен. Алар дүкөндүн ичиндеги төлөм терминалын талкалап, 60 миң сом жана жалпы суммасы 70 миң сомдук тамеки, алкоголдук ичимдиктерди алышкан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуяга шектүү делген топ кармалды. Алардын жанында тапанча жана 2 ок болгон.



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18