USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте жол чыракта токтоп турган унаанын эшигин ачууга аракет кылышкан

09:11, 13 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА

Фейсбуктун колдонуучусу айдоочуларга караңгыда унаа башкарып бара жатканда баардык эшиктерди бекитип коюну эскертти. Бул тууралуу ал баракчасына жазды.

Айтымында, өткөн дем алышта Бишкектин Түштүк магистралындагы жол чыракта токтоп турган маалда белгисиз бирөөлөр анын унаасынын арткы эшигин ачууга аракет кылышкан.

«Артка кылчайып карасам баштарына шлем кийген 2 киши мотоцикл минип турушуптур. Алар эшик жабык экенин аңдаган соң кетип калышты. Мотоциклди аныктоочу эч кандай белгилери жок экен», — деп жазган колдонуучу.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18