USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Маевка айылында мыйзамсыз иштеп жаткан май куючу жай аныкталды

10:21, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Маевка айылында мыйзамсыз иштеп жаткан май куючу жай аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, май куючу жай айылдагы Жаш Гвардия Бульварында орун алган. Анда уруксаты жок дизелдик отун сатып жатышкан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган жайды тинтүү маалында электр түтүгү, цистерна, контейнер табылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18