USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

КСДП жаштар канатынын мүчөсү Бакыт Абдыкеримовду УКМКнын сурагына алып кетишти

16:30, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Баш калаада КСДП жаштар канатынын мүчөсү Бакыт Абдыкеримовду УКМКнын сурагына алып кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиянын мүчөсү Кундуз Ажибекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн болжол менен саат 14:30да активистке өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныткан киши өзү менен ведомствого бирге барууну суранган.

«Биз кафеден чыкканда жаш жигит биздин жаныбызга келди. Бакытты эмне себептен алып кеткени жана кандай иш боюнча суракка алаары белгисиз», — деди Кундуз Ажибекова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18