USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 284 бейтап кайрылды

11:06, 04 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (4.11.19-ж.) 284 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 256сы жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 89у ооруканага жаткырылган, алардын 81и жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 101 адам кайрылса, 49у ооруканага жаткырылып, 52 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылган, алардын 16сы ооруканага жаткырылды», — дейт министрликтен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18