USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чүйдө күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз саткан бир канча жай аныкталды

10:38, 04 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз саткан бир канча жай аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Панфилов районундагы жеке турак үйлөрдө бензин жана дизелдик майды сатып жатышкан. Каржы полициясы сапатсыз май унаага зыян келтирип, айлана-чөйрөнү булгай турганын билдирди.

Кыргызстандын баардык аймагында күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз саткандарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18