USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кытай менен чектешкен аймакка соода-логистикалык борбор курулушу мүмкүн

09:02, 04 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдү Кыргызстандын Кытай менен чектеш аймагына соода-логистикалык борбор курууга чакырды. Бул тууралуу ал ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкентте өткөн жыйынында билдирди.

«Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт», — деп билдирди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзө турганын кошумчалады.

ШКУ — 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.

Төрт өлкө — Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия — байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка — ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18