USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Куудулдардын сахнадагы сатираларына атайын комиссия көзөмөл салат

09:36, 01 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Көркөм эксперттик комиссия куудулдардын сахнадагы программаларын текшерүүгө алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.


Эске салсак, буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары айрым куудулдарын чектен ашкан тайкы тамашаларына нааразы болуп, министрликке жамааттык кат жолдошкон. Анда куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу жазылган.

«Сиздердин кайрылууңуздардын негизинде жогорудагы инсандар менен мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз жана активдүү билдирүүлөрдү калтыргандыгыныздарды эске алып, мындан ары алардын программаларын дыкат карап, сахналык маданиятка ылайык келбеген сатираларга чара колдонуу боюнча Көркөм эксперттик комиссия иш алып бара тургандыгын билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.

 
 
 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18