USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бир жумада жол эрежесин бузуу боюнча 1 миң 200 факты катталды

10:21, 31 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бир жума аралыгында 1 миң 200 Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

21-октябрдан 28-октябрга чейин аталган башкармалык «Тонировка» рейдин жүргүзгөн. Анда тескөөчүлөр унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган айдоочуларды текшеришкен.

Рейддин жыйынтыгы боюнча, 1 миң 239 жол эрежелерин бузуу катталды, алардын ичинен 158и мыйзамсыз терезесин караңгылатып алган. 587 унаа айып короосуна киргизилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18