USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Базар-Коргондо тамакка ууланып 8 киши ооруканага түштү

12:17, 24 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда тамак-ашка уулануунун белгилери менен сегиз киши райондук ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Азаттык» облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаевге шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, алты киши жугуштуу оорулар бөлүмүндө болсо, экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Баарына өз убагында дары-дармектер берилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Санитардык дарыгерлер үй ээсинин колдо жабылган салаттарынын баарын жок кылышты. Учурда алты бейтаптын абалы туруктуу жана жандандыруу бөлүмүндөгү 11 жаштагы кыздын жана 45 жаштагы аялдын абалы оор», — деди Үсөнкул Жоробаев.

Ооруканага түшкөндөр талаада пахта терип жатып түштөнүүдө колдо жабылган салат жешкен. 19-20-октябрь күндөрү алар четинен ооруканага түшө баштаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18